Жаш адистерге жана студенттерге
Duran жардамчысы
Суроо бериңиз, көрүп турганыңызды Duran’га көрсөтүңүз же оюңузду үн чыгарып айтыңыз. Жөн гана сүйлөп, угуңуз.
Оюңуздагы нерседен баштаңыз. Идеяны талкуулаңыз, кошумча суроо бериңиз же теманы өзгөртүңүз. Duran угуп, үн менен жооп берет.
«Дем алышта эмне кылсам болот? Идея сунуштачы.»
Кызыктырган тема боюнча жаңылыктарды сураңыз. Duran соңку маалыматтарды таап, негизги ойлорду айтып берет жана булактарды көрсөтөт.
«Дүйнөлүк экономикада жана жасалма интеллектте эмне жаңылык бар?»
Duran’га эмнени жана качан эске салуу керектигин айтыңыз. Ал маалыматты тактап, сиз ырастагандан кийин эскертмени сактайт.
«Саат алтыда презентацияны даярдоону эске салчы.»
Колуңуздагы азыктарды Duran’га көрсөтүңүз. Эмне бышырса болорун сурап, ошол азыктарга ылайык жөнөкөй рецепт алыңыз.
«Бул азыктардан эмне жасай алам?»
Эскертмени, идеяны же билдирүүнү айтыңыз. Duran аны түзөтүп, көчүрүп алууга боло турган текстке айлантат.
«Баарыңарга салам! Эртеңки жыйынга чейин машыгып алалы.»
Оюңуздагы көрүнүштү сүрөттөп бериңиз. Duran аны тартып, сүрөттү маектин ичинде көрсөтө алат.
«Кышкы тоолордо бүркүт кармаган мүнүшкөрдү тартчы.»